Бишкектеги №82 орто мектептин кошумча имараты ачылды

Коом 0

Бишкек, 07.09.22. /Кабар/. Бишкектин “Ала-Тоо” жаңы конушундагы №82 орто мектептин кошумча имараты ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттуу иш-чарага Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева, Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев, АРИСтин өкүлдөрү катышты.

"Жаңы имарат 150 орунга ылайыкталган. Анда комуз, бий, вокал, саймачылык «чебер», «мураскер» ийримдери жайгашкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий