• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Бишкектеги "Айчүрөк "лицейинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата кече өттү

Коом 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Бишкек шаарындагы "Айчүрөк "лицейинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына арналган "Улуттук нарк-дөөлөт унутулбайт" деген темада кече болуп өттү.

Лицейдин окуучуларынын күчү менен даярдалган кечеде мамлекеттүүлүктү түптөгөн Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахмановдун өмүрү тууралуу, мамлекеттүүлүккө, кыргыз тилине арналган театрлаштырылган сценкалар коюлду.

Иш-чарадагы ар бир сценка, монолог, ырлар кечеге катышкан ата-энелердин, окуучулардын патриоттук, атуулдук сезимдерин ойготуп, көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулады.

Кечеге катышкан Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлдөрү жана аталган мектептин жетекчилиги кечени уюштурган окуучуларга ыраазычылык билдирип, аларды Мекенди сүйүүгө, көздүн карегиндей сактоого үндөштү.

Пикир

Оставить комментарий