Бишкектеги Ак-Кула ат майданына чагылган түшүп, бир адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 13.06.24. /Кабар/. Бишкек мэриясы Ак-Кула ат майданындагы абал тууралуу билдирет.

Муниципалитеттин белгилешкендей, 12-июнда Ак-Кула ат майданынын аймагында чагылган түшүп, бир адам каза болду.

Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, бул факт Ленин РИИБнин МКЖ катталып, тиешелүү экспертизаларды дайындоо жана күбөлөрдү суракка алуу менен тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Бүгүнкү күндө ат майданынын аймагындагы ат сарайлардын баары менчиктештирилип кеткен, бирок айрым ат сарайларды жеке адамдар пайдаланып жатышат.

Муниципалитет тарабынан ипподромдун аймагын пайдаланбоо боюнча бир нече жолу талаптар коюлганына карабастан, жеке адамдар өзүм билемдик менен аттарды үйрөтүп, машыктырып келишет.

Учурда иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында юридикалык баа берилет.

Пикир

Оставить комментарий