• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстандын аймагында бир суткада 6 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 16.01.23. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде:

  • Бишкек шаарында – 1;
  • Чүй облусунда – 4;
  • Баткен облусунда – 1 тилсиз жоо катталган.

Куткаруу кызматтары тарабынан бир чыгуу болду.

Бишкек шаарындагы Целинный көчөсү жайгашкан жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн бир бөлмөсүнүн 70 чарчы метр дубалы, шыбы жана жыгач терезеси күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле Чүй облусуна караштуу Москва районундагы Александровка айылынын Фрунзе көчөсүндөгү темир калай менен жабылган, жанаша жайгашкан унаа тетиктерин сатуучу, эт сатуучу дүкөндөр жана турак үйдүн жалпы 200 ч.м. чатыры 200 ч.м. шыбы күйгөн. Тилсиз жоонун келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий