Бишкектеги Чыгыш автобекетинин имаратында Калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда

Коом 0

Бишкек, 29.05.24. /Кабар/. Бишкектеги Чыгыш автобекетинин имаратында Калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгнилей кетсек, буга чейин Чыгыш автобекетинин имараты Бишкек мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилди.

"Имаратты демонтаждоо пландалган жок, ал архитектуралык эстелик катары сакталып, шаардын муктаждыктарына пайдаланылат. Автобекеттин имаратына калкты тейлөө борборун жайгаштыруу каралууда. Айланасын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу пландалууда. ",- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Чүй облусу, Ленинское айылы, Алма-Ата көчөсү 1/1 дареги боюнча «Бишкекавтобекети» мамлекеттик ишканасы уюштурулуп, иш алып барууда. Ал жерде Кыргыз Республикасынын автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашыруу жана уюштуруу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий