Бишкектеги дарыя жана суу жээктери комплекстүү түрдө жакшыртылат — эскиздин сүрөттөрү жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 24.04.24. /Кабар/. "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы тарабынан шаардын чет жактарын өнүктүрүүнүн эскиздик концепциясы иштелип чыкты.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ала-Арча, Аламүдүн сууларынын, БЧК жана Түштүк БЧКнын жээктерин комплекстүү турдө жакшыртуу пландалууда.

Концепцияда Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын жээктери аркылуу Боз-Бөлтөк жана Ала-Арча суу сактагычынын шаар четиндеги ири эс алуу аймактарын бириктирүү каралган.

Маалыматта Бишкек шаарындагы дарыялардын жээктерин комплекстүү жакшыртуу уникалдуу рекреациялык аймактарды, ошондой эле санитардык нормаларды жана сууну коргоо талаптарын сактоого шарттарды түзөрү айтылат.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы эскиздин сүрөттөрүн жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий