• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкектеги эки Калкты тейлөө борборунда иш сааттары узартылды

Коом 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Бишкектеги эки Калкты тейлөө борборунда иш сааттары узартылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган министрлик жарандар үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында 20-ноябрдан 29-декабрга чейин пилоттук долбоорду ишке киргизди.

Анын алкагында Жибек-Жолу проспекти, 381 жана Нуркамал Жетишкаева көчөсү, 29 даректериндеги Калкты тейлөө борборлорунда иш убактысы саат 08:00дөн 20:00гө чейин узартылды.

"Документтерди кабыл алуу терезелеринин бир бөлүгү ишин улантат, адистер үчүн түшкү тамак нөөмөт тартибинде болот", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Калкты тейлөө борборлорунун иши жөнүндө кененирээк маалыматты 119 колл-борборунан (чалуу акысыз) алууга жана өз сунуштарыңызды калтырууга болот.

Пикир

Оставить комментарий