• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектеги Фрунзе үй-музейинде "Санарип архив бөлмөсү" ачылды

Коом 0

Бишкек, 01.11.23./Кабар/. Бишкектеги Фрунзе үй-музейинде "Санарип архив бөлмөсү" ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага маданият министри Алтынбек Максутов, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чжэ, Бейзаттык маданий мурастарды изилдөө борборунун директору Хам Ханки, Азия маданият борборунун директорунун орун басары Ли Жонгран катышты.

Алтынбек Максутов өз сөзүндө Кыргызстан менен Корея өлкөсүнүн өнөктөштүк долбоору аркылуу Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик музейлердин маалымат системасы аркылуу өзгөчөлөнгөн музей буюмдары, музей коллекциялары, тарыхый булактар жана баалуулуктар жөнүндө билүүгө жана музейлердин локациясы менен кеңири таанышканга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын белгилеп, бул багытта Корея Республикасы менен биргеликте жасалып жаткан иш-аракеттер үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилесек, Кореянын Азия маданият борбору тарабынан эки жыл ичинде Кыргызстандын Улуттук тарых музейинде, Г.Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейине, Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборуна жана “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексине техникалык жабдуулар алынып берилип, “Санарип жана архив” бөлмөлөрү ачылган.

Бул иш-аракеттер Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кореянын Маданият, спорт жана туризм министрлигине караштуу Азия маданият борборунун ортосундагы маданий ресурстарды башкаруунун санариптик системасын иштеп чыгуу жана заманбап иш алып баруу максатында ишке ашып жатат.

Пикир

Оставить комментарий