Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Бишкектин Турусбеков менен Сыдыков көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук түтүгү өткөн кудуктан 30-40 жаштагы үй-жайсыз эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Билдирүүдө айтылгандай, адамдын сөөгү 16-декабрда саат 00:08де табылган.
Куткаруучулар маркумдун сөөгүн кудуктан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикир
Оставить комментарий