• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Жалал-Абадда бир топ дүкөндөргө уурулукка кирген жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Жалал-Абадда бир топ дүкөндөргө уурулукка кирген жаран кармалды.

Облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын 3 тургуну арызданышып, дүкөндөрүнөн түнкү убакыттарда акча жана товарларын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдиришкен.

Аталган фактылар Жалал-Абад ШИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык-кодексинин 200-беренесинин ("Уурдоо") негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Кылмыштарга шектүү катары Чүй облусунун Сокулук районунун 1993-жылы туулган О.Н. аттуу тургуну кармалып, тергөөгө камсыздалган.

"Кылмышка шектелген жигит тергөөнүн жүрүшүндө дүкөндөргө кандай жолдор менен киргендигин жана эмнелерди алгандыгы тууралуу жеринде айтып берди. Азыркы учурда О.Н. Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына 2 айга киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

Тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий