• 87.86
  • 93.94
  • 1

Таласта тургундарды ири суммага алдап кеткен жаран Кара-Суудан кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 25.05.24. /Кабар/. Манас районунда жабырлануучуларды ири өлчөмдө чыгымга учураткан жаран кармады. Бул тууралуу Талас облустук милициясынан билдиришти.

Манас райондук милициясына 3 жаран арыз менен кайрылган. Алардын бири "А" атту жаран ишеничине кирип, ушул жылы 28-январда 22 баш бодо малын жалпы 1,2 млн сомго карызга баалап алып, бүгүнкү күнгө чейин карызын бербей жүргөн айтып кайрылган.

Экинчи жаран дагы "А" аттуу адам 65 баш козусун ар бирин 13 миң сомдон баалап, жалпы 845 000 сомго алып, бирок акча каражатын бербей качып жүргөн жаранга чара көрүп берүүнү өтүнгөн.

Үчүнчү жаран үстүбүздөгү жылы январда "А" аттуу чала таанышы Айтматов районундагы мал базардан 18 баш коюн жалпы 261 миң сомго баалап, ошол жерден 161 миң сом акчасын берип, калган 100 миң сомун ушул күнгө чейин бербей алдап качып жүргөнүн билдирген.

Ошентип, арыз ээлери жалпы 2 млн 145 миң сомдук материалдык чыгымга учурушкан.

Аталган фактылар Манас РИИБге КР Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ош шаарынын тургуну 1987-жылы туулган А.А. Кара-Суу районунан кармалып, Айтматов райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө А.А. Талас облусунун аймагынан мал сатып алып, өлкө аймагындагы башка мал базарларга алып барып сатып жүргөндүгү такталган.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий