• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Унаада кызды зордуктоого аракет кылган таксист СИЗОго киргизилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. “Хонда Фит” унаасында кызды зордуктоого аракет кылган таксист СИЗОго эки айга камакка алынды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим Бишкектин Октябрь райондук сотунда кабыл алынган.

Эске салсак, социалдык тармактарда токтоп турган “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унаанын ичинен кыздын кыйкырып жаткан үнү угулгандыгы чагылдырылган видео жарыяланган. Анын үнүн уккан сырттагы адамдар унаанын эшигин ачканда кыз качып, кийин таксист дагы качып кеткен.

Көп өтпөй таксисттин өздүгү аныкталып, ал 49 жаштагы Б.Ч. болуп чыккан. Аталган факт боюнча “Зордуктоого аракет кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий