• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкектеги Кумарык көчөсүн капиталдык оңдоо иштери аяктоодо

Коом 0

Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Бишкек шаарында Кумарык көчөсүнүн Трудовая көчөсүнөн Пишпек көчөсүнө чейинки бөлүгүн капиталдык оңдоо иштери аяктап жатат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы тротуарга асфальт төшөө иштерин аяктады. Эски асфалтын сыйрылып, бордюрлар орнотулду.

Асфальт салууга чейинки иштер жыйынтыкталып, адистер жолго асфальт төшөөнү башташты.

Мындан тышкары, капиталдык курулуш иштери жүрүп жаткан Трудовая көчөсү Кумарык көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгүндө асфальт салуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий