• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КЭР-КР газ түтүгү: Жергиликтүү адистерди даярдоо эл аралык менеджментте маанилүү

Коом 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Кытай-Кыргызстан транзиттик газ түтүгүнүн курулуш долбоору эки өлкөнүн өкмөттөрү алып чыккан негизги тапшырма болуп эсептелет. Бул тууралуу кыргызстандык студенттерди Кытайга “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясы аркылуу билим алууга жиберүүнүн расмий аземинде компаниянын башкы директору Гуань Синьлай билдирди.

Ал газ түтүгүнүн узундугу 215 чакырымды түзө тургандыгын белгиледи.

“Курулуш иши аяктаганда ал КРнын аймагындагы эң узун, диаметри эң чоң жана эң модернизацияланган газ түтүгү болот. Долбоор Кыргызстандын элинин керектөөлөрүнө жооп берет, газ түтүгү транзит менен өтө турган Ош облусуна реалдуу пайда алып келет”, - деди ал.

Гуань Синьлай КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон иш сапары учурунда эки өлкөнүн лидерлеринин ортосунда ар тараптуу кызматташтык тууралуу декларацияга кол коюлганын, анда тараптар Кытай-Кыргызстан газ түтүгүн коопсуз колдонууну камсыз кылары көрсөтүлгөнүн эске салды.

Газ түтүгүн куруу 2022-жылга пландаштырылган.

“Буга байланыштуу жергиликтүү адистерди даярдоо эл чарбачылыгынын ишмердүүлүгү тармагынын эл аралык менеджмент тармагындагы маанилүү иш-чара болуп саналат. Курулуштун керектөөлөрүнө жана газ түтүгүн колдонууга ылайык, биздин компания жергиликтүү адистерди даярдоо боюнча саясатты иштеп чыккан. Сиань мунай университетинде билим ала турган 30 бүтүрүүчү тандалып алынган. 4 жылдык окууда алар мунай жана жаратылыш газы тармагында билим алышат. Андан соң бүтүрүүчүлөр компаниянын жетектөөчү кызматтарында иштешет. Компания аларга стипендия төлөп берет”, - деп кошумчалады компаниянын башкы директору.

Пикир

Оставить комментарий