• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

КЭР-КР газ түтүгү: 30 кыргызстандык Кытайга билим алуу үчүн кетишет

Коом 0

Бишкек, 10.09.18. /Кабар/. Түркмөнстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай транзиттик газ түтүгүн куруунун алкагында 30 кыргызстандык абитуриент билим алуу үчүн КЭРге барат. Бул тууралуу “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясынын студенттерди Кытайга билим алууга жиберүүнүн расмий салтанатында Билим берүү жана илим министринин орун басары Абдиманап Муратов журналисттерге билдирди.

Белгилей кетсек, “Транс-Кыргыз Газ Пайплайн Компани Лимитед” компаниясы 4 жылдын ичинде студенттердин бардык каражаттарын толугу менен каржылайт. Биринчи жылы студенттер кытай тилин үйрөнүү үчүн эки окуу жайга бөлүнүп окушат. Экинчи жылдан тарта аларды Сиань университетине бириктиришет.

Муратовдун айтуусу боюнча, абитуриенттер билим алуу үчүн эки критерийдин негизинде тандалып алынган: ЖРТдагы жогорку балл жана жергиликтүү жашоочу болушу керек.

“Тандоодон кийин балдар менен компаниянын өкүлдөрү да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Мындайча айтканда сынак болду”, - деп түшүндүрдү ал.

Өз кезегинде өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Ахматжан Махамадов абитуриенттердин алдына чыгып сөз сүйлөдү.

“Силер жашоонун жаңы жолуна түштүңөр. Биздин аймактарда кытай тилин үйрөнүүнү каалагандар көп. Биз Гуаньсу провинциясы менен макулдашуу түзүп, билим алуу үчүн эки жолу бештен студентти жөнөттүк. Кытай тилин билүү престиждүү болуп калды. Учурда бул долбоордун алкагында жумушчулардын 80% жергиликтүү жашоочулар болот деген маселе боюнча, бизге адистер керек. Силерге билим алуу үчүн жакшы шарттар түзүлдү. Чоң-Алайга борбордон эч ким келип, иштебейт. Ал эми силер келип, үйүңөрдө жашап жана иштейсиңер”, - деп билдирди ал.

Махамадов жаштарга болгон күч-аракетти жумшап, аягына чейин окууну бүтүргүлө деп айтты. “Бизди уят кылбагыла. Силер эң алдыңкы окуу жайда билим аласыңар”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий