Бишкектеги Маңка-Жар сел тосмосуна толгон сууну сордуруу иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.04.24. /Кабар/. Бишкектеги Маңка-Жар сел тосмосуна толгон сууну сордуруу иштери жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле жогорку сел тосмонун 130 метр аралыгы тазаланып, 1550 куб метр топурак чыгарылды.

Ал эми төмөнкү сел тосмодон болжол менен 500 куб метр топурак чыгарылып, төгүлгөн топуракты жүктөгүч менен тегиздөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жеринде ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу кызматынын 4 кызматкери жана 3 техникасы Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда.

Белгилей кетсек, Маңка-Жар коктусундагы сел тосмодо 15-16-апрель күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу толуп калган.

Пикир

Оставить комментарий