• 84.2
  • 92.94
  • 0.93

30-августка карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. Эртең, 30-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

30-августта күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25,

Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25,

Баткен облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16, күндүз 24...29,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 18...23,

Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 18...23,

Эртең борбор калаабыз Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн 12...14, күндүз 23...25 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий