• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

КР ТИМден Казакстандан кайтарылган кыргызстандыктар тууралуу маалымат беришти

Коом 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлиги Казакстандан кайтарылган кыргыз үй-бүлөлөрү тууралуу маалымат берди.

Ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, документтери жок кыргыз үй-бүлөлөрдү Кыргызстанга кайтаруу боюнча атайын иштер жүргүзүлгөн.

“Кыргыз жарандары өздүгүн тактоочу документтери жок узак убакыт бою Казакстанда жүрүшкөн. Ошол себептен алар ар түрдүү чарбаларда эмгектенип келишкен. Алматы облусунда аталган үй-бүлөлөргө кыргызстандыктар тарабынан финансылык колдоо көрсөтүлүп, жергиликтүү ишкерлер алдындагы карыздары төлөнгөн”, - деп айтылат маалыматта.

КРнын Башкы консулдугу тарабынан кыргыз жарандарынын өздүгү такталып, күбөлүктөр берилип, алар Кыргызстанга 11-октябрь күнү алынып келинген.

Пикир

Оставить комментарий