• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Муфтий «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин президенти Теңиз Бөлтүрүк менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев «Улуу көчмөндөр мурасы» Улуттук холдинг компаниясынын президенти Теңиз Бөлтүрүк менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Теңгиз Бөлтүрүк муфтийди келе жаткан ыйык Курман айт майрамы менен куттуктады.

Ал эми Замир кары Ракиев «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын эмгек жамаатынын ишине ийгилик каалап, муфтияттын ишмердүүлүгү менен тааныштырды.

«Теңгиз Бөлтүрүк Курман айттын алдында барып курап окутту, курмандык кылды. Муфтиятка кандай жардам керек болсо беребиз деди», - деп кошумчалады «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин маалымат кызматынын башчысы Назира Ахмедова.

Пикир

Оставить комментарий