• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМ: "Нелегал-Трафик" рейдинин жүрүшүндө бир нече кылмыштын бети ачылды

Коом 0

Бишкек, 08.07.22. /Кабар/. Кыргызстанда жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдө уюмдун аракеттер планына ылайык "Нелегал - Трафик" рейди өттү. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейддик иш-чара "Мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча жамааттык тутумду өнүктүрүү боюнча ЖККУга мүчө мамлекеттердин иш-чаралар планына" ылайык, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан 27-июндан 4-июлуна чейин Кыргызстандын жана ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймагында өткөрүлгөн.

Операциянын жүрүшүндө кызматтын бөлүмдөрү тарабынан төмөнкүдөй фактылардын бетин ачуу боюнча иш-чаралар аткарылды:

– мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө аныкталган укук бузуулар – 369;

– Кыргызстанда чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу – 2;

– чек арадагы эмгектенген мигранттардын КРда эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузуусу – 28;

– КР аймагына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын өлкө ичинде жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузуусу – 34;

– чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик эрежелерин бузуусу – 305;

– мыйзамсыз миграцияны уюштуруу – 45;

– ок атуучу куралды алуу – 2;

– мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы аныкталды – 3;

– экстремизмге каршы аракеттенүү багыты боюнча 2 кылмыш аныкталды;

– эл аралык издөөдө жүргөн 6 жаран кармалды;

– юридикалык жана физикалык жактарга 1 млн 961 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.

Иш-чаранын жүрүшүндө Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына ишкерлер кайрылып, алардан кылмыштуу чөйрөнү колдоо максатында белгисиз адамдар 500 доллар өлчөмүндө акча талап кылып жатышкандыгы боюнча кайрылган.

Бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, 1-июль күнү акча каражатын алып жаткан жеринен Баткен районунун тургундары кармалып, алардын жашаган жеринен жана унаасында тинтүү учурунда ок атуучу куралдар табылып алынган.

Мындан тышкары, мыйзамсыз миграцияны уюштуруу боюнча туруктуу каналдын ишмердүүлүгү, тагыраак айтканда, биздин жарандарды чет өлкөгө мыйзамсыз чыгаруу ишмердүүлүгү токтотулду.

Кыргызстандын жараны 1986-жылы туулган А.Н. “Грин Лайт Компани” компаниясынын директору чет өлкөлөрдө ишке орноштурууга уруксаты жок 40 кишиден турган КР жарандарынын тобун чогултуп, Европа жана АКШ өлкөлөрүнө алып өтүү максатында мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, Украинанын аймагы аркылуу Молдованын аймагына жеткирген.

Аталган жаран чет элдик жарандар менен келишим түзүп, КР жарандарын Молдовада 5 айдан ашык кармап, аларды круиздик жана жүк лайнерлери менен бир нече жолу АКШ жана Европа өлкөлөрүнө ташууга аракет кылган.

Натыйжада Молдованын укук коргоо органдары КР жарандарына кылмыш ишин козгоп, кийин алар депортацияланган.

Көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө 31 кылмыш иши козголуп, иш сотко жөнөтүлгөн. Бул иш боюнча жалпысынан 20 млн сомго жакын зыян келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий