• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

"Айыл Банктын" мурдагы кызматкеринин асынып алышы. Аскер прокуратурасы текшерүү жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.06.22. /Кабар/. УКМКнын убактылуу тергөө изоляторунда айыпталуучунун өзүн-өзү асып каза болгондугу боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, 18-июнда 102 кызматына УКМКнын убактылуу тергөө изоляторунда айыпталуучу А.Б. өзүн-өзү асып каза болгондугу жөнүндө маалымат келип түшкөн.

"Аталган факты электрондук маалымат каттоо бирдиктүү реестрине катталып, учурда Бишкек гарнизонун Аскер прокуратурасы тарабынан тергөө изоляторунун видео-байкоо жазуулары алынып, кызмат адамдары суралууда, ошондой эле соттук-медициналык жана башка тийиштүү экспертизалар дайындалды", - деп айтылат маалыматта.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча окуянын жагдайлары толук жана объективдүү текшерилип юридикалык баа берилет.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК коррупцияга шектелип, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген “Айыл Банк” ААКнын насыяларды тескөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы А.Б.Р. асынып алгандыгын кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий