• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкектеги митинг: Ыктыярчылардын арасында жабыркагандар катталган

Коом 0

Бишкек, 08.10.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкектеги митингден улам ыктыярчылардын арасында жабыркаган учур катталган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында Элдик кошуундар союзунун төрагасынын орун басары Тариэл Искаков билдирди.

Анын айтымында, мас абалындагы адамдар элдик кошуундарга таш ыргытышкан.

"Шаардагы "Достук" мейманканасында саясий иш-чара болуп жатканда борбордук аянттан келген адамдар элдик кошуундарга таш ыргыта баштаган. Элдик кошуундар 300-400 киши келип, таш ыргытып салышканын айтышкан. Ошол учурда айрым ыктыярчылар жабыраган", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий