• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкек шаарынын кичинекей тургунун сактап калган кайгуул кызматкерлери сыйланды

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги кичинекей шаар тургунунун өмүрүн сактап калган үчүн Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлерин сыйлады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден билдиришти.

Эскерте кетсек, 11-мартта саат 18:30 чамасында МККБнын басма сөз кызматынын инспекторлору Кубаныч Абдыкулов жана Мирлан Таалайбековдор нөөмөттө турган учурда аларга борбор калаанын жашоочусу Рамазан аттуу кичинекей баласы үйүндө кокусунан уксус кислотасын ичип алганын айтыпжардам сурап кайрылган.

Ошол замат МККБнын инспекторлору аялды жана анын уулун отургузуп алып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тез жардам кызматынын №3 шаардык балдар клиникалык ооруканасын көздөй бет алышты. Келгенден кийин оорукана кызматкерлери тарабынан медициналык жардам көрсөтүлдү. Маалым болгондой, учурда баланын абалы канааттандырарлык.

Ошондой эле, Бишкек ШИИББнын башчысынын орун басары Айбек Ажыбаев кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, кынтыксыз кызматы, эрдиги, кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, милиция кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды.

Мындан тышкары, жакшы салт боюнча Бишкек ШИИББнын Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы, милициянын полковниги Гайрат Рахмановду куттуктап, куттуктоо баракчасын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий