• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектеги оңдолуп жаткан жолдордун 40%ы бүттү. Мэрдин орун басары менен маек

Маек 0


Азыркы тапта Бишкек шаарынын ички жолдорун оңдоо иши кызуу жүрүүдө. Буга борбордук жана майда көчөлөр кирет. Алардын айрымдары бүтүп, колдонууга бериле баштады. Борбор калаанын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев “Кабар” агенттигине маек куруп, оңдолуп жаткан жолдордун абалы, транспорт жана тыгын маселеси боюнча суроолорго жооп берди.

— Жамалбек Самарбекович, саламатсызбы! Ушул тапта калаанын жолдорун оңдоо иши кызуу жүрүп жатканына күбө болуп жатабыз. Кайсы жолдор оңдолуп, кайсылары колдонууга берилди?

— Саламатчылык! Азыркы тапта Байтик Баатыр көчөсүндө иш кызуу жүрүп жатат. Көчөнүн узундугу Масалиев көчөсүнөн Жибек Жолуна чейинки аралык 6 км 100 метрди түзөт. 509 млн 900 миң сом каралган. Бул көчөнүн баары 31-августка бүтүшү керек. Бизде мындан тышкары, беш көчөдө иштер жүрөт. Алар Ахунбаев, Жибек Жолу, Анкара көчөлөрү жана Юнусалиев проспектиси. Учурда Ахунбаев жана Жибек Жолу көчөсүндө иштер жүрүп жатат. Бардыгынын бүтүү мөөнөтү 31-август. Эми жакында Чүйдү жана Горькийди баштайбыз. Горький көчөсүнүн Ч.Айтматов проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейинки аралгы жасалат. Мындан тышкары, 44 майда көчөдө оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

— Негизинен буга чейин деле жолдор жасалып келгенда. Ал эми азыркы жасалып жаткан жолдордун артыкчылыгы эмнеде?

— Азыркы жасалып жаткан жолдордун артыкчылыгы, биринчиден жол менен кошо чубалгыларды, арыктарды жана үйлөрдүн фасаддарын кошо жасап баратабыз. Ошондуктан элге кайра-кайра эле жол жарнама болуп жаткан сыяктуу көрүнүүдө. Чынында, муну менен кошо жолдун жээктери дагы, ирригациялар дагы, бак-дарагыбыз дагы, фасаддарыбыз дагы, бардыгы тең жасалып баратат. Өзүңүз көрүп тургандай жолго кесек асфальт төшөлүүдө. Сапаты жагынан жогору. Буга 5 жылга чейин кепилдик берсе болот. Эгер 3 жылга чейин бузула турган болсо өздөрү жасайт. Анан эң көйгөйлүү маселе, жол жасалып жатканда биздин өзүбүздүн жарандардын кайдыгерлиги болуп жатат. Себеби, самокад, мотоциклдар менен жол кургай электе үстүнөн айдап кетишүүдө. Мен ушул шаардыктарга кайрылат элем, кайдыгер карабастан кургай элек жолдорго самокад, мотоциклдер менен жүрбөй турса жакшы болот эле. Биз дагы ушул жайкы каникулду рационалдуу пайдаланыш үчүн ушундай кадамга барууга туура келди. Себеби, окуучулар, студенттар баары каникулда. Азырынча кыймыл аз. Ошондуктан жолду бүтүрүп алалык деп, бат-баттан жаап атканыбыз ушунда. Бирок бүткөн жагын ачып келатабыз. Азыр Байтик Баатыр көчөсү Медеров көчөсүнө чейин ачылган. Эми Горький көчөсүнө чейинкиси 3 күндөн кийин ачылат.

— Жолдорду оңдоо үчүн канча техника иштеп жатат?

— Негизи жол куруу компаниянын жалпы 80дей техникасы бар. Алардын бары иштеп жатат. Ушул жерден белгилей кетчү жагдай, мурунку кырынды асфальттарды кайра жаңы конуштарга, Бишкекке жаңы кошулган айылдарга төгүп, жолун түздөп жатабыз.

— Жакында эле Ахунбаев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов менен Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки аралыгы жасалып, колдонууга берилди. Бирок бир апта өтпөй чийилген жол белгилери өчүп, көрүнбөй калганы айтылууда. Буга эмне себеп?

— Ал жол белгилери убактылуу чийилген. Анткени, асфальт азыр толук кургай элек. Андагы түшкөн кара издер жол белгилерин жаап кеткен. Эми жол кургап бүткөндөн кийин дагы бир сыйра чийилет. Азырынча буга дүрбөлөң түшүүгө негиз жок.

— Биз билгенден Байтик Баатыр көчөсү кеңейтилип жатат. Мындан тышкары, дагы кайсы көчөлөр кеңейтилет?

— Негизинен мүмкүнчүлүгүбүз бар жерлердин барында кеңейтүү менен бирге оңго бурулуучу бурулуштардын барын чоңойтуп жатабыз. Себеби, бул шаардагы тыгындарды азайтуу максатында жасалууда. Бизге берилген тапшырма да ушул. Жолдордун сапаты да өтө тыкыр көзөмөлгө алынып жатат. Жума сайын Айбек Жанышбекович өзү чыгып, текшерүүдө.

— Сиз буга чейинки берген маегиңизде жыл соңуна чейин 23 чакырым жол бүтөт дедиңиз эле. Учурда анын канча пайызы жыйынтыкталды?

— Азыркы тапта 40 пайыздан ашыгы бүтүп калды. Эң башкысы жолдор коюлган графиктен эрте бүтүп жатат. Ошону менен бирге сапаттуу жасаганга аракет кылып жатабыз. Ошонун ичинен Ахунбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрү бир айга эрте бүтөт деп ишенимдүү айта алабыз. Ал эми Горький көчөсүн жаңыдан баштайбыз. Жибек Жолу көчөсү башталып, буюрса биринчи катмар асфальт төшөлүп жатат.

— Учурда транспорт маселеси да курч болуп турат. Азыркы тапта шаарда толук кандуу канча автобус каттамга чыгып жатат?

— Азыркы күндө автобустар толук кандуу кирди. Ал эми маршруттук унааларды чыгарганбыз. Президенттин демилгеси менен 1000 автобус алынган. Учурда анын 700ү каттамга чыгып жатат. Негизинен автобус жетиштүү эле. Болгону анын маршруттук схемасын тууралап берсек эле бул көгөй чечилет. Ал эми элди ызы-чуу кылып жаткан троллейбус маселеси болуп атпайбы. Биз “Ачык асман” деген долбоор баштаганбыз. Анын негизинде автобустардын линиясына тартылган чубалгылар алынып жатат. Себеби, ал чубалгылар 1952-жылдан бери турат экен. Алардын мөөнөтү мурда эле бүткөн, эскилиги жеткен. Ошондуктан бул чубалгыларды алып, электробустарды киргизели деп жатабыз. 2025-жылдын башы менен бизге 178 электробус келет. Ошол троллейбустардын ордуна электробустарды жүргүзөбүз.

— Жамалбек Самарбекович, атайын убакыт бөлүп маек бергениңизге ыраазычылык билдиребиз. Ишиңизге ийгилик каалайбыз!

— Сиздерге да чон рахмат!

Жазгүл Мадинова, Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий