Бишкектеги Орто-Сай базарынан өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 15.01.23. /Кабар/. Бишкектеги Орто-Сай базарынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 15-январда саат 02:38 чамасында Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан Орто-Сай базарынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине өрт өчүрүүчүлөр тартылып, саат 03:37де өрт чектөөгө алынып, саат 05:10до толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 180 чарчы метрди түзгөн жашылча-жемиш сатуучу жай жана эт сатуучу 6 даана желим материалдан курулган павильон, муздаткыч, отургучтар күйгөн.

"Эт сатуучу павильондун ички түштүк – чыгыш тарабы, сырткы түндүк – түштүк жана чыгыш тарабында жайгашкан соода оорундар, павильондор өрттөн сакталган", - деп белгилешти ӨКМден.

Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий