• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкектеги "Промышленная" көмөк чордонунда капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.08.24. /Кабар/. Бишкекте жогорку чыӊалуудагы "Промышленная" көмөк чордонунда капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Бишкек электр тармактар ишканасынын кызматкерлери аталган көмөк корчондо келе жаткан күз-кыш мезгилине даярдык көрүү, ошондой эле керектөөчүлөрдү туруктуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жабдууларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүүдө. Учурда кубаттуулугу 40 МВА болгон Т-1 күч трансформатору оңдолууда.

Мындан тышкары, адистер асма жабдыктарын, байланыш түйүндөрүн тазалоо жана тартуу, трансформатордун майын кайрадан тазалап жаӊыртуу иштерин жүргүзөт, үйлөөчү моторду, контакторду жана РПНдин алдын ала жабдыктарын текшерүүдөн өткөрөт. Ошондой эле силикагельди алмаштыруу, трансформатордун сыртын сырдоо жана диспетчердик аталыштарды жаңыртуу иштери жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий