• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектеги Республика көчөсүн оңдоо иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 16.07.24. /Кабар/. Бишкектеги Республика көчөсүн оңдоо иштери башталды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган көчөнүн Жибек Жолу проспектисинен Чоң Чүй каналына чейинки бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлөт. 1300 погондук метрге тротуар салынып, ирригациялык система орнотулат.

Учурда Жибек Жолу проспектисинен Березовая көчөсүнө чейинки тилкеде иштер башталды. Учурда жер кыртышын иштетүү, дүмүрлөрдү алуу, ирригация системасын орнотуу иштери жүрүп жатат.

Буга байланыштуу жогоруда аталган аймак унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды.

Пикир

Оставить комментарий