• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкектеги сабак саат 7:30да башталчу мектептердин тизмеси

Коом 0

Бишкек, 26.07.24. /Кабар/. Бишкек мэриясынан кайсы мектептерде окуу саат 7:30да башталарын айтып беришти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, буга чейин эле 14 муниципалдык мектепте окуу эртең мененки саат 7:30да башталчу: №69, 29, 70, 61, 9, 13, 95, 102, 4, 23, 33, 38, 43, 67.

Эми 2024-2025-окуу жылында 30 мектепте дагы сабак 7.30да башталмай болду: №1, 6, 24, 27, 48, 54, 83, 3, 14, 26, 37, 60, 62, 64, 2, 7, 8, 25, 47, 31, 42, 55, 68, 72, 74, 96, 12, 45, 52, 65.

Ошентип, иштеп жаткан муниципалдык мектептердин 42%ы же 44 мектеп эртең мененки саат 7:30дан баштап окууга өткөрүлөт.

Мэриядан белгилешкендей, бүгүнкү күндө 103 муниципалдык мектеп 198 миң 129 балага билим берет, алардын долбоордук кубаттуулугу сменасына 89 миң 893 окуучуга туура келет.

198 миң 129 окуучунун ичинен 90 миң 599 бала кичиучастоктордон тышкары билим алышса, 7 миң 842 бала Чүй облусунун жакынкы райондорунан Бишкек шаарына окууга келишет.

Бишкек шаарында жалпы саны 167 миң 727 окуучуну түзгөн 129 кесиптик-техникалык билим берүү уюмдары (36 жогорку, 77 орто кесиптик билим берүү мекемелери жана 16 кесиптик лицей) бар.

Белгилей кетсек, Бишкекте мектептерде саат 8:00гө чейин окуу процессин баштоого уруксат берилген. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий