• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

14-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.10.21. /Кабар/. Эртең, 14-октябрда, Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, тоолуу райондордо -2…-7 градус суук болушу ыктымал.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 13…18 градус, Талас облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 10…15 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 10…15.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы ​түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21 градус жылуу болот.

14-октябрда борбор калаабыз Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 15…17 градус жылуу болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий