• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкектеги соода борборунан 1,5 жылда акциздик маркасы жок 35 миңден ашуун куту тамеки алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери акциздик товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн кыскартуу боюнча иштердин алкагында "Берекет-Универсал" соода борборунун аймагында акциздик маркалары жок тамеки продукцияларын сатуу фактыларын аныктоону улантууда.

Ведомстводон билдиришкендей, Салык кызматына жарандардан "Берекет Универсал" соода борборунда мыйзамсыз тамеки буюмдарын сатуу боюнча маалымат үзгүлтүксүз келип турат. Бул билдирүүлөр рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө ырасталат.

Алсак, бул соода борборунун аймагында 2023-жылдын 1-январынан тартып азыркы учурга чейин жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында акциздик маркалары жок 35 миңден ашык куту тамекилер алынган.

Эскерте кетсек, КР мыйзамдарына ылайык акциздик маркалары жок 1000 даанага чейин тамеки саткандар үчүн 65 миң сом айып, ал эми 1000 даанадан ашык саткандар үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Ишкерлерди тамеки буюмдарын акциздик маркалары жок сатуудан баш тартууга жана продукцияларга анын аныктыгын кылдат текшерүүгө чакырабыз.

Пикир

Оставить комментарий