• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү катары мурдагы орган кызматкери кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматы жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү катары 25 жаштагы жаранды кармады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал 2021-жылдын 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Ош шаарындагы түнкү эс алуу жайларынын биринде 2006-жылы туулган кыз менен таанышып, аны Ош шаарынын Анар кичи районундагы үйлөрдүн бирине алып барып, кыздын эркине каршы, күч колдонуп зордуктап койгон.

Жабырлануучунун арызында көрсөтүлгөндөй, шектүү жаш кызды бычак такап коркутуп, зордуктаган. Атайын дайындалган экспертиза өз корутундусунда жабырлануучунун зордукталгандыгын тастыктаган.

Учурда жаш кызды зордуктоого шектүү катары кармалган 1996-жылы туулган О.уулу Э. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бир айга камакка алуу чечими кабыл алынды.

Учурда КР Жазык кодексинин 161-беренесинин 3-пунктунун белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери уланууда.

Белгилүү болгондой, шектүү мурда ички иштер органдарында, Ош облустук ички иштер башкармалыгында иштеп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий