• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкектеги соода түйүндөрү кадимки тартипте иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 09.08.19. /Кабар/. Бишкекте жашоо кадимки нукка бурулуп, соода борборлор жана дүкөндөр ачыла баштады.

Бүгүн эртеден баштап, көп дүкөндөр товарларын кайра текчелерге тизе баштады. Дүкөндөрдүн ээлери кардарларына саат бирлерде ачылаарын айтышкан. Дүкөндөр ишин күндөгүдөй кечки саат 21:00гө чейин улантышат.

Кечээ “Медиафорумдун” алдында өтө турчу митинг тууралуу тараган маалыматтан кийин көп мекемелер талап-тоноолордон сактануу максатында товарларын текчелерден жыйнап, эшиктерин бекитишкен. Дүкөндөрдү элдик активисттер кайтарышкан.

Эскерте кетсек, түнү “Ала-Тоо” борбордук аянтта агрессивдүү адамдар чогулушкан. Милиция кызматкерлери атайын каражаттардын жардамы менен элдерди таратышкан. 40тан ашуун тартип бузган адамдар кармалды.

Пикир

Оставить комментарий