ЕАЭБ ыкчам өнүккөн интеграциялык биримдик катары калыптанды — Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 09.08.19. /Кабар/. Бүгүн, 9-августта, «Рух Ордо» маданий борборунда (Кыгыз Республикасы, Чолпон-Ата шаары) Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын катышуусунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кеңири курамдагы жыйыны өттү.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл көлүнүн жээгинде жыйындын катышуучулары менен саламдашып, Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө Макулдашууга кол коюлушунун 5 жылдыгына жана евразия интеграциясы идеясынын 25 жылдыгына байланыштуу биримдиктин мааракелик жылы менен куттуктады.

«Евразия интеграциясы Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык саясатында артыкчылыктуу багыт болуп саналат жана ошол бойдон калат Кыргыз Республикасы ЕАЭБге киргени олуттуу, анын ичинде соода-экономикалык жана социалдык чөйрөлөрдө оңдуу натыйжалар жетишилгенин белгилей кетүү керек. Бажы, санитардык жана фитосанитардык көзөмөлдү алып салуу түрүндөгү бизнести өнүктүрүүнү өбөлгөлөө үчүн жаңы шарттар пайда болду. Бажы чек арасы жок шартта товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кыймылына өбөлгө түзүлүүдө. Атамекендик ишкерлер ЕАЭБ жалпы аянтында өнүктүрүү жана активдүү атаандаштык мүмкүнчүлүгүн алышты. ЕАЭБ аянтында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ветеринардык көзөмөл тутумунун эквиваленттүүлүгүн таануу боюнча чечим соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө мүмкүндүк жана кошумча дем берди», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

«Аралык жыйынтыктарды чыгарып жатып, биздин Биримдик толук кандуу жана ыкчам өнүккөн интеграциялык биримдик катары калыптанды. Евразия экономикалык биримдигинин 5 жылдык ишмердүүлүгүндө катышуучу мамлекеттердин тутумдуу ишинде сезилерлик натыйжалар байкалат. Интеграциянын алгачкы жылдары тараптар аркылуу Биримдиктин экономикалык жана соода потенциалын өнүктүрүү багыты тандалган. Ал эми өткөн жылдарды Биримдиктин эл аралык мейкиндиктеги позицияларын бекемдөөдө алгылыктуу катары мүнөздөөгө болот. Муну Вьетнам менен учурдагы эркин соода аймагы, Иран жана Кытай менен кол коюлган келишимдер жана Сингапур, Индия, Египет, Сербия жана Израиль менен уланып жаткан активдүү сүйлөшүүлөр күбөлөндүрүп турат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 5 айында Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрү менен соода жүгүртүүсү 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5% өскөн.

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында ички дүң продукция оң динамика көрсөтүп, 6,4% өстү. Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгында өнөр жайдын 20% өсүүсү байкалган.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, Биримдиктин башкы максаттарынын бири товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын биримдиктүү рыногун түзүүгө умтулуусу, бул бизди Биримдиктин максаттарына жетишине терс таасир бере турган чаралардан карманууга милдеттендирет.

«Биримдиктин ичиндеги тоскоолдуктар менен катар тышкы факторлордун терс таасири интеграциянын таза натыйжасын «жууп» салууну улантууда. Тилекке каршы, негизги принциптердин артыкчылыктуулугуна жана бекемдигине карабастан, биримдиктин ички рыногунда азыркыга чейин тоскоолдуктар жана чектөөлөр бар. Буга байланыштуу аларды четтетүү, ошондой эле Биримдиктин тоскоолдуксуз, алып таштоолорсвуз жана чектөөсүз толук кандуу иштөөсү үчүн талаштуу маселелерди калыс жана ыкчам чечүү боюнча ыйгарым укуктарды Комиссияга берүү боюнча акыркы чараларды көрүүнү зарыл деп эсептейбиз», - деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр айткандай, тар чөйрөдөгү жыйындын жүрүшүндө жыйындын күн тартиби боюнча конструктивдүү диалог жүрүп, ташуу үчүн бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүү ченемдерине, ЕАЭБде алкоголдук рынокту жөнгө салуу жөнүндө Макулдашууга тийиштүү жана 2025-жылы ишке киргизүү пландаштырылып жаткан жалпы финансы рыногуна байланыштуу маселелер талкууланды.

«Жыйында каралган маселелерди мындан ары ишке ашыруу интеграцияны келечектүү тереңдетүүгө жана мындан тийиштүү экономикалык пайда алууга шарт түзөт. Жогорку советтин үстүбүздөгү жылдын 29-майындагы мааракелик жыйынында айтылган Кыргыз Республикасынын Президентинин жалпы электр энергетикалык рыногун жөнгө салуу боюнча көп улуттук орган түзүүгө тийиштүү демилгесин илгерилетүүгө ишеним көрсөткүм келет. Бул биздин бул багыттагы кызматташтыкты натыйжалуу координациялоого шарт түзөт», - деди ал.

Премьер-министр жыйындын катышуучуларын быйылкы жылдын 25-сентябрынан 27-сентябрына чейин Бишкек шаарында өтө турган «Евразия жумалыгы - 2019» IV Эл аралык форумуна жана ушул эс алуу күндөрү «Рух Ордо» маданий борборунда өтүүчү классикалык жана джаз музыкасынын эл аралык «Tengri Music Festival» фестивалына катышууга чакырды.

Андан соң Армения Республикасынын Премьер-министри, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин төрагасы Никол Пашинян сөз сүйлөдү.

Пикир

Оставить комментарий