• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бишкектеги соода түйүндөрүндө жугуштуу ооруларга акысыз текшерилүүгө болот. Дареги жана графиги

Ден соолук 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Бишкектеги соода түйүндөрүндө жугуштуу ооруларга акысыз текшерилүүгө болот.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Бишкектеги базар, соода борборлорунда ВИЧ, сифилис жана гепатиттин В,С түрлөрүн аныктай турган экспресс-тесттен өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. 7-октябрда баштала турчу акция 1-ноябрга чейин созулуп, саат 9:00дөн 15:00гө чейин өтөт.

Дареги жана графиги:

  • 7-октябрь — “Таатан” соода борбору;
  • 9-11-октябрь — “Дордой Дыйкан” жана “Дордой Моторс” базарлары;
  • 14-16-октябрь — “Аламүдүн” жана “Табылга” базарлары;
  • 24-26-октябрь — “Орто-Сай” базары.

Пикир

Оставить комментарий