Бишкек, 23.10.17 /Кабар/. “Тазалык” МИнын кызматкерлери Жаштар аллеясындагы талкаланган “Көз айнек” арт-инсталляциясын төртүнчү ирээт оңдошту.
Инсталляциянын эски көз айнектери жаңыга алмаштырылды. Ал үчүн атайын материалдар колдонулгандыгын,-мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Мэрия, шаар тургундарын муниципиалдык мүлккө азайлык менен мамиле кылууга жана кызматкерлердин эмгегин баалоого чакырат.
Эске сала кетсек, арт-инсталляция Жаштар аллеясына 2016-жылдын 27-июлунда орнотулган.
Пикир
Оставить комментарий