• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

КР эл артисти Татьяна Стрельцова акыркы сапарга узатылды

Коом 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Кыргыз Республикасынын эл артисти Татьяна Стрельцованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Маркум менен коштошуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, жакындары, кесиптештери жана күйөрмандары катышты.

Байсалов өз сөзүндө Татьяна Стрелцованын Кыргызстандын театр өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы баа жеткис экенин, ал өз кесибин өзгөчө сүйгөндүктөн, дээрлик 40 жыл бою театрга чын жүрөктөн берилип иштегенин, ал аралыкта көптөгөн мыкты ролдорду аткаргандыгын белгиледи.

Ал эми министр Татьяна Стрельцованын каза болгондугу тууралуу суук кабарды оор кабыл алганын, Татьяна Стрельцова кыргыз интеллигенциянын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири болгонун, анын басып өткөн жолу жаш муундар үчүн үлгү экенин айтып, жакындарына жана кесиптештерине көңүл айтты.

Стрельцова Татьяна Дмитриевна 1953-жылы 15-февралда Казак ССРинин Москалевка кыштагында туулган.

1972-жылы театр студиясын аяктагандан кийин Н.К. Крупская атындагы орус драма театрында иштей баштаган. 40 жыл аралыгында театрда 70тен ашык ролдорду жаратып, алдыңкы актрисалардын бири болгон. Алардын арасында "Дети Ванюшина" спектаклинде Иннанын, Агафья в "Живи и помни", "Оскар и Розовая дама" спектаклинде Оскардын жана башка көптөгөн ролдор бар.

1983-жылы Стрельцова Татьяна Дмитриевна “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти” наамын алган.

1996-жылы театр өнөрүн өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Стрельцова Татьяна Дмитриевнага “Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген ардактуу наамы ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий