• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Мирбек Атабеков коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн айып төлөдү

Коом 0


Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. Социалдык тармактарда ырчы Мирбек Атабеков унаада алдыңкы орундукта коопсуздук курун чечип ырдап жаткан видео тарады.

Бишкек милициясынын Кайгуул кызматынан билдиргендей, ырчы Мирбек Атабековдун жүргүнчүлөр отургучунда коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн айдоочуга карата жол эрежесин бузуу боюнча протокол түзүлдү.

Атабеков протоколду даярдоо учурунда эреже бузгандыгы үчүн айыппул төлөй турганын айтып, бардык жарандарды жол эрежесин так сактоого чакырды. "Мыйзам алдында бардыгы бирдей, мамлекетибизде тартип баарынан жогору болсун", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий