Жаманкулов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасынын автору М.Асаналиевдин өнөрканасында болду

Коом 0

Бишкек, 24.04.22. /Кабар/. Кечээ, 23-апрелде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жана Бишкектин шаар белгисинин жана байрагынын автору Майрамкул Асаналиевдин өнөрканасына барды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Майрамкул Асаналиев учурда жасап жаткан эмгектери менен министрди тааныштырып, ар бир эмгек анын жүрөгү аркылуу өтөөрүн айтып, ар бир эмгекке болгон убакыт жана анын сырлары менен кенен ой бөлүштү.

Азамат Жаманкулов өз сөзүндө анын эмгектери башка сүрөтчүлөрдөн айырмалана турганын айтып, “Маданияттын мыкты кызматери” төш белгисин тапшырды.

Ошондой эле тараптар, алдыда бирге жасай турган иштер бар экенин айтып, иштешүү тууралуу убадалашты.

Майрамкул Асаналиев 1965-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган.

С.Чуйков атындагы Бишкек сүрөт окуу жайынын жана Сүрөт академиясынын бүтүрүүчүсү. Анын биринчи жеке көргөзмөсү 1988-жылы өткөн.

Бишкек шаарынын символдорунун жана желегинин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын белгисинин автору болуп саналат. «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалынын эскизинин, ар түрдүү уюмдардын жана коллективдердин логотиптеринин автору.

Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын лауреаты. «Элдик кол өнөрчүлүктүн чебери» наамынын ээси. Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Бишкек шаарынын ардактуу атуулу.

Пикир

Оставить комментарий