• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Үйдө отуруп китепке буйрутма берүүгө болот – Кыргызпатент китепканаларды санариптештирүү тууралуу

Коом 0

Бишкек, 24.07.19. /Кабар/. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын китепканаларында 2,5 миллиондун тегерегинде кагаз китептер, документтер, патенттер жана 22 миңге жакын электрондук түрдөгү документтер бар. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын директору Жоодар Жумабаев билдирди.

"Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүүнүн алкагында биринчи жолу санарип түргө өтүү боюнча иштер башталды. Биз электрондук кызмат үчүн lib.patent.kg сайтын ачтык. Аны менен бирге, 2019-жылдын аягына чейин электрондук кызмат көрсөтүүгө өтөбүз", - деп билдирди Жумабаев.

Ошондой эле маалыматтык технологияларды колдоо борбору ачылгын.

"Борбордун алкагында патенттер тууралуу маалымат берилип, китепканаларга колдоо көрсөтүлөт", - деди ал.

Кыргызпатенттин башчысы Динара Молдошева, азыркы учурда китепканага баргандардын саны азайып жаткандыктан санариптештирүү жүрүп жатканын белгиледи.

"Азыр жарандарыбыз сайтка катталып, электрондук окуу билетин жана өзүнүн паролун алып, базага кирүүгө мүмкүнчүлүк алат. Үйдө отуруп эле кайсы китептин бар же жоктугун билип, үйгө жеткирүүгө буйрутма бере алат" - деди Молдошева.

Пикир

Оставить комментарий