Бишкек,18.12.18. /Кабар/. Бишкектеги Кызыл курулуш жаңы конушунда 17-21-декабрда жылуулук берүү токтотулат.
""Газпром Кыргызстан" ишканасы авариялык-оңдоо иштерин жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу ушундай жагдай түзүлүп жатат", - деп кабарлашты Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан.
"Бишкекжылуулукэнерго" ишканасы ыңгайсыздыктар үчүн алдын ала кечирим сурайт.
Пикир
Оставить комментарий