• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев Баткенге иш сапары менен барды

Аймак 0

Бишкек, 18.12.18. /Кабар/. Бүгүн, 18-декабрда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Баткен облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Министр иш сапарын Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнөн баштап, коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алуу боюнча уюштуруучулук иштерин текшерди. ИИМдин башчысы соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча аймактык ички иштер органдарынын даярдыгына көңүл бурду”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министр жаңы курулуп жаткан Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн имараты менен таанышкан. Ал жараксыз деп табылган эски имараттын ордуна курулуп жатат.

Мындан тышкары министр Кызыл-Кыя шаарындага “Динамо” кийим тигүүчү фабрикасына барып, ал жерден формалык кийим тигүү жайынын ишмердүүлүгү менен таанышкан.

Пикир

Оставить комментарий