• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Айтматовдун туулган күнүнө карата Талас шаардык көркөм сүрөт музейинин көргөзмөсү өттү

Аймак 0

Бишкек, 12.12.22. /Кабар/. 12-декабрь - доорубуздун улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Талас мамлекеттик университетинде Талас шаардык көркөм сүрөт музейинин көчмө көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу Талас шаардык мэриясынан билдиришти.

Көргөзмөдө музейдин илимий кызматкери Ы.Бектемиров Ч. Айтматовдун чыгармачылыгына арналган көркөм чыгармалар тууралуу кеңири баяндап берди.

Иш-чарага Талас мамлекеттик университетинин ректорунун милдетин аткаруучу С.Жумалиев, тарых факультетинин деканы Ж.Абдиева, чет тилдер кафедрасынын башчысы С.Тагайкулова жана студенттер катышты.

Пикир

Оставить комментарий