Бишкектеги жаңы конуштардын бирине 112 млн сомго бала бакча курулат

Коом 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы бала бакча курууга тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка караганда, бала бакча Ак-Босого конушуна курулат жана билим берүү мекемеси 140 орундуу болмокчу.

Тендерге ылайык, пландалып жаткан сумма 111 млн 977 миң 801 сомду түзөт, тендерге катышуу үчүн сынактык билдирүү берүүнүн мөөнөтү 28-июнга чейин.

Пикир

Оставить комментарий