• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте Беларустун маданият күндөрү белгиленди. Иш-чарадан сүрөттөр

Маданият 0

Бишкек, 15.06.23. /Кабар/. Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында күн мурун Беларусь Республикасынын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында концерт болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт.

Иш-чарага Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Беларусь Республикасынын маданият министринин орун басары Сергей Саракач, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, атайын чакырылган меймандар жана кеңири коомчулук катышты.

Алтынбек Максутов салтанаттуу кечени ачып жатып, бардык убакта маданият жана искусство коомдун руханий негизи экенин, ал ар дайым элдерди жакындатып, адамзаттын руханий баалуулуктарынын булагы болуп келгенин белгиледи.

"Биз Беларусь Республикасы менен түзүлгөн достук мамилелерди жогору баалайбыз. Биздин маданий байланыштарыбыз терең тарыхый тамырларга, жалпы баалуулуктарга ээ экендиги шексиз жана келечекте биздин маданий кызматташуубуз кеңейип, элдердин достугунун чыңдалышына жана гүлдөп-өнүгүшүнө гана өбөлгө түзөөрүнө ишенем", - деди министр.

Ал эми Беларусь Республикасынын маданият министринин орун басары Сергей Саракач алгачкы жолу Кыргызстанда өтүп жаткан маданият күндөрү көптөн күткөн маданий майрам экенин айтып, беларусь эли мыкты маданий программа алып келгенин кошумчалады.

Ошондой эле ал өз сөзүндө мындай чыгармачылык сапарлар аркылуу эки элдин ынтымагы бекемделерин белгилеп, Кыргызстан элинин меймандостугу жана чыгармачылыкка болгон мамилеси жогору экенин билдирди.

Расмий бөлүктөн соң, Беларусь өлкөсүнүн өнөрпоздору тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Атайын даярдалган концерттик программадагы беларусь элинин мыкты ыр-бийлери көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий