• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Бишкектеги жарылуудан жабыркагандардын абалы айтылды

Ден соолук 0


Бишкек, 20.01.25. /Кабар/. Күн мурун саат 08:54тө Бишкектин Сейтек көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жарылуу болгон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарылуудан эки аял - апасы менен кызы жабыркаган.

Дарыгерлер 62 жаштагы аялга бетинен I-II-III даражадагы күйүк, тулку-бою жана колу-бутунун 60 пайызы күйгөн, катуу шок алган деген диагноз коюшкан. Абалы өтө оор деп бааланууда.

Ал эми экинчи жабырлануучу 38 жаштагы кызы бетинен I-II даражадагы күйүк алган, ал эми колу-бутунун 10 пайызы күйгөн. Азыркы учурда анын абалы орточо оор деп бааланууда.

Пикир

Оставить комментарий