Бишкек, 22.07.24. /Кабар/. Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу айрым автобустардын жүрүү схемасы өзгөрдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Ага ылайык, бүгүн, 22-июлдан тарта Чүй проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылган.
Буга байланыштуу автобус каттамдарынын кыймылы өзгөрдү. Алар төмөнкүлөр: №7, 34, 38, 166.
Муниципалитет жолго чыгууну пландаштырууда бул өзгөртүүлөрдү эске алууну суранат.
Пикир
Оставить комментарий