• 85.5
  • 93.62
  • 0.88

Бишкектен Анталияга авиакаттамдарды көбөйтүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. 2023-жылдын 15-апрелинен тарта ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы тарабынан Бишкек – Анталия – Бишкек багыты боюнча кошумча чартердик каттамдардын ачылышы пландалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту билдирет.

Маалыматка ылайык, чартердик каттамдар Бишкектен Анталияга жумасына 2 жолу – шейшемби жана ишемби күндөрү ишке ашырылат.

Белгилей кетсек, буга чейин көрсөтүлгөн багыт боюнча жумасына 7 туруктуу каттам аткарылып келген.

Пикир

Оставить комментарий