• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Элчи Актилек Мусаева Кытайдын Шаосин шаарынын мэри менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева Шаосин шаарынын мэри Ши Хэйфан менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу элчинин Шаосин шаарына (Чжэцзян провинциясы) иш сапарынын алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады.

Элчи А.Мусаева Кыргызстанда текстиль өнөр жайынын тез өнүгүп жаткандыгы тууралуу маалымат берип, бул тармакта кызматташуу үчүн бар потенциалды белгиледи, ошондой эле эки өлкөнүн мамлекеттик органдары бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүп, түз байланыштарды түзүү зарылдыгына токтолду.

Мындан тышкары, аймактар ​​аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Шаосин менен Кыргызстандын шаарларынын бири ортосунда бир тууган шаар мамилелерин түзүү, ошондой эле эки тарапты кызыктырган тармактарда практикалык кызматташууну түзүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында текстиль жана жеңил өнөр жай тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий