• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Транспорт министрлигинде автобус каттамдарын Прохладное айылына чейин узартуу маселеси каралды

Коом 0

Бишкек, 21.08.24. /Кабар/.Бишкек шаарынан Беш-Күңгөйгө чейин жүргөн №51 жана №12 автобустук каттамды Прохладное айылына чейин узартуу маселесин карап чыгыш керек. Мындай сунушту транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев Аламүдүн районунун Прохладное айылынын тургундары менен жолугушканда Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Транспорт департаментинин өкүлүнө айтты.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда айыл тургундары Бишкектен Беш-Күңгөйгө чейин каттаган №51 автобустук каттамды Прохладное айылына чейин 5 чакырымга узартып берүүсүн суранышты.

Алар Аламүдүн базарынан бир эле №373 маршруттук каттам менен Үч-Эмчек айылына чейин бара алышарын, маршруттардын аралыгы так сакталбагандыктан, эртең менен жана кечкисин айылга же шаарга баруу өтө кыйынчылык жаратып жатканын белгилешти. Ошондой эле унаалар жүргүнчүлөрдүн көптүгүнөн аялдамалардан токтобой өтүп кетерин айтышты. №373 каттамдан тышкары Чыгыш автобекетинен жогорудагы айылдар аркылуу Алмалуу айылына №318 каттамдын 4 кичи автобусу гана чыгарын кошумчалашты.

Бекжан Рысмендеев аталган жагдай көйгөйлүү маселе экенин эске алып, №373 маршруттун санын көбөйтүү маселесин кароону каттамды тейлеген “ЧДК-Чүй-Транс” ЖЧКасына жолдоду.

Ал эми Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Транспорт департаментинин өкүлү Марат Муланов учурда шаарда коомдук автобустар жетиштүү эмес экенин жана аталган айылдарга барчу жолдун шарты автобустарга туура келбегенин, шаар ичинде жүргөн автобустар түз жолго жүрүүгө гана ылайыкталганын айтып өттү.

Белгиленгендей, жыйындын соңунда Рысмендеев Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Транспорт департаментине эки жумананын ичинде шаардык №51, же болбосо №12 автобустук каттамды Прохладное айылына чейин узартуу маселесин кароону суранды. Ал эми Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментине №373 жана №318 каттамдарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алып, GPS аппараттарын коюуну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий