Бишкек, 09.11.23. /Кабар/. "Манас" эл аралык аэропорту" ААК Бишкек – Ченду багыты боюнча жаны каттамды ачууда. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгу жылдын 12-декабрынан тарта аткарыла баштайт. Учуулар кытайлык Loong Air авиакомпаниясынын учактары менен аткарылат.
"Учурда бул авиакомпания Бишкектен Кытайдын Сиань шаарына каттамдарды аткарууда. Чэнду шаарына каттамдар жумасына эки жолу - шейшемби жана ишемби күндөрү 12-декабрдан 30-мартка чейин аткарылмакчы", - деп айтылат маалыматта.
Пикир
Оставить комментарий